Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча серепчилердин жолугушуусунда тамашалап, марихуананы мыйзамдаштыруу керектигин айтты. Анын бул сунушу КТРКнын жаңылыктар түрмөгүнөн да көрсөтүлдү. Талкуу учурунда Т.Абдыгулов Ысык-Көлдөгү эс алуу менен Түркиядагы эс алууну салыштырып мисал келтирди. 300 долларга Түркияга барып-келгенге билет алып, тамак-ашы менен мейманканада 7 күн эс алса болорун белгиледи. “Сиздер кимдер менен атаандаш болууга аракет кылып жатасыздар?”, - деп суроо узатты Абдыгулов туристтик тармактын өкүлдөрүнө. Өлкөнүн башкы банкиринин айтымында, туроператорлордо туристтерди тартууга драйвер болуучу фишка жок. “Туристтик бейишти кантип кылса болот?”, - деп сураган Абдыгулов өз суроосуна тамаша иретинде өз жообун айтты. “Эгер сиздер неолибералист болсоңор фишка ойлоп тапкыла. Мен бардык туристтерди кантип тартууну билем - марихуананы мыйзамдаштыргыла. Бүттү. Эч нерсе кылуунун кереги жок. Сиздерде туристтер топ-тобу менен болот. Бүтүндөй КМШ келет, мейманканаларда орун калбай калат. Мына ушул — фишка”,- деди Абдыгулов. Чын эле УБнын төрагасы тамаша айткандыр. Бирок мамлекеттин ири банкиринин манилүү жыйында ушундай сөз сүйлөгөнү туурабы?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл