Бүгүн, Бишкекте, Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүштү.

 

Бүгүн саясатчынын баш коргоо чарасы саат 9.30да каралмак, бирок, саат 16.00гө жылды.

 

Митингчилер саясатчыны бошотууну талап кылышты.

 

Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда камакка алынган. Ага «коррупция» беренеси боюнча айып тагылган.