Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт депутаттарга жаратылыш кырсыктары тууралуу маалымат берди.
Депутат Жыргалбек Турускулов мамлекет үчүн жарандардын өмүрү баалуу экенин белгиледи.
Депутаттын айтымында, адам курмандыктарынын санынын көп болгондугу жергиликтүү бийлик коопсуздук иштерин жүргүзбөгөнүнүн белгиси.
«ӨКМ ага чейин жарандарды жер көчкү жүрүшү мүмкүн деп эскерткенбиз деп айтып атышат. Бирок, курмандыктардын саны көп болуп атканы жергиликтүү бийлик адам өмүрүн коопсуздандырууга эч кандай аракет көрбөгөнүнүн белгиси да. Өкмөт башчы тийиштүү чараларды көрүп, кырдаалды трагедияга жеткиргенге жол берген чиновниктерди жоопкерчиликке тартышы керек». – деди ал.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, учурда жергиликтүү бийликтин аракетине иликтөө жасалууда, жакын арада баа берилет.