Кыргыз Республикасынын                                                                            

Бишкек шаарынын

Биринчи Май райондук сотуна

 

доогер: Айтбай  Абдыкадыровдон

                                                             .

жоопкер: Кыргыз Республикасынын президенти

Атамбаев Алмазбек Шаршенович

                                   

кызыкдар тарап: Кыргыз эли жана маңкурттар, сасык

саясатчылар, эл бузарлар

                                               

 күбөлөр: КТРК, ЭЛТР, 5, 7-телеканалдар жана гезит                                                                     журналистери

                          

 

Доо арыз

(моралдык чыгым - 1 миллион сом суммадагы акча каражатын президент Атамбаев А.Ш. өндүрүү боюнча)

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы Конституциясынын 60-беренесинин 2-п.:  “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат,,- деп жазылган.

Президент А.Ш.Атамбаев Конституция беренесине ылайык эл менен бийликтин ортосунда калыс-арбитр болуусу керек эле. Арийне, анын ордуна парламенттик бийликти - Жогорку Кеңештин депутаттарынын мыйзам чыгаруудагы ишмердүүлүгүн “мыйзам чыгаруучу жайдан, ушак чыгаруучу жайга айланды”,- деп айтты.

Ал эми 2017-жылдын 15-мартында президент Атамбаев А.Ш. чет өлкөлүк дипломаттардын (Латвия, Индия, Ефиопия ж.б.) ишеним грамотасын алуу учурундагы салтанаттуу жолугушуусунда сөз сүйлөп, кыргыз элин - улутун “маңкурттар!.. Эл бузарлар! Сасык”,- деп атады.

А.Ш.Атамбаев КР Конституциясына негизинде жана демократиянын прициптерине ылайык элдик шайлоо аркылуу президенттик кызматка келгенин билбей калганы өкүнүчтүү. Анткени ошол маңкурт, эл бузар, сасык саясатчы - шайлоочулардын добушу аркылуу А.Ш.Атамбаев президенттик кызматты аркалап жатат. Эгерде ошол  аталган маңкурттар, эл бузарлар, сасык саясатчылар болбогондо, А.Ш.Атамбаевди президенттик кызматка ким шайлайт эле (?) деген суроо туулат.

 

“Маңкурт” деген ким?

 

Жооп: “Маңкурт деген эс-акылдан ажыраган бир сөлөкөт: өзү ким, эл-жери кайда, ысымы ким, ата-энеси ким, кайда, качан чоңойгон, - эчтеме эсинде калбайт, эчтемени билбейт, кыскасы өзүн адам деп эсептебей калат. “Маңкурт”  итке окшоп ээсин гана эрчип калат, ээсин гана тааныйт.

 

...Адамдын адам болгон касиети жаралганда кошо жаралып, өлгөндө өзү менен кошо кетчү, айбандан айырмалап турган жалгыз касиети эс-акыл болсо, аны түп-тамыры менен жулуп салса, - бу не деген шумдук, андан көрө туткунду жүрөгун өлтүрөр кыйноого салса же түз эле башын алып салса тигиге салыштырганда адилетчилик болбойбу. Бу шорго көбүнесе согушта колго түшкөн жаш жигиттер малынчу. Оболу жуңжаңдар туткундун чачын бир жолу оң, анан тескери кырып жылтыратат. Оболу төөнүн терисин калың, оор келген моюн терисин сыйрып ала коюп, аны устаралап кырып ийип, анан кеп кылып туткундун жалаң башына кийгизет. Шири ысык күнгө кургаган сайын кысып, туткундун үнү кудайга жетип, көзү чанагынан чыгып, тартпаган азапты тартат да, өлгөнү өлүп тынат, өлбөй калганы өткөн өмүрүн, ата-тегин такыр эстей алгыс маңкурт кул болуп кала берет….

 

- Отурчу, сүйлөшөлү,- деди Найман-Эне оор үшкүрүнүп.

 

Экөө бет маңдай отурушту.

- Мени тааныйсыңбы?- деди эне.

Маңкурт башын чайкады.

- Сенин атың ким ?

- Маңкурт,- деди ал.

- Сени азыр ошентип аташат. Мурдагы атың эсиңдеби? Чын атыңды эстечи?

Маңкурт тунжурайт….

- Жоламан! Уулум! – Уулум эмне болгон деп чочулаган Найман-Эне үн салып баратты. Анан ээрде толгоно берди да… - Атпа! – деп кыйкырганга араң жарады. Акмаяны бура тартып бет маңдайлашууга үлгүрбөдү, ышкырып келген жебе сол колтугуна сайылды.

Өлтүрөр жебе ушул эле. Найман-Эне чоктук өркөчтү кучактап, ооп жыгылып баратты. Бирок башы жерге тийгенче башындагы ак жоолук шыпырылып түштү да, жерге жетпей куш болуп, аба кайкып учуп чыкты. Жөн учпай, адамча үн салып учуп чыкты: “Эсиңе кел, сен кимсиң? Атың ким? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай!”. (“Кылым карытаар бир күн”, Ч.Айтматов).

 

Табиятта жана турмушта кыргыз эли оозеки жана жазма чыгармаларды угуп, окуп, тарбияланып жана балдарын тарбиялап келгени чындык. Айтылган сөз жана чыгармалар аркылуу эл өз турмушунда кыргыз каада-салтын, үрп-адатын мыйзамдарга шайкештирүү менен жашап келет.

 

Кыргыз улуту табиятта сөзгө баа бергендиги, сөзгө жыгып, сөзгө жыгылып, сөз баркын билгендиги менен коңшу өлкө элдеринен  айырмаланып турат. Ошондуктан кыргыз улутунда оозеки чыгармалар ооздон-оозго өтүп, каада-салттын, үрп-адаттын түптөлүшүнө чоң өбөлгө түзгөн жана түзүп келет.

Президент Атамбаев А.Ш. “маңкурттар!.. маңкурттар!”,- деп эки жолу кайталап, көптүк түрдө айтканы:

 

- биринчиден, “маңкурт” деген сөз менен чет мамлекетик дипломаттардын алдында кыргыз улутунун унутулуп кеткен сырын ачты. Алар өз элине Кыргыз Республикасында дагы эле маңкурттар бар экенидигин жарыялашат;

 

-экинчиден, “маңкурт” деген сөз менен кыргыз улутун өз тууган энесин өлтүргөндөргө теңеди;

- үчүнчүдөн, “маңкурт” деген сөз менен кыргыз улутун итке теңеди.

- төртүнчүдөн, “маңкурт” деген сөз менен кыргыз улутун адам эмес деди;

- бешинчиден, “маңкурт” деген сөз менен  кыргыз улутун, бар болгон ою кара курсак, башка эч камы жок, бирөөлөрдү ээрчип калат деди;

- алтынчыдан, “маңкурт” деген сөз менен кыргыз улутун өзү ким, эл-жери кайда экенин,  ысмы ким, ата-энеси ким, кайда экенин билбегенге теңеди;

- жетинчиден, “маңкурт” деген сөз менен кыргыз улутун адамдык касиети жок, эс-акылынан ажыраган, айбандан айырмасы жок – макулук деп атады.

Президент Атамбаев А.Ш. “маңкурттар” деген сөздү айтуу менен КР Конституциясынын беренелерин одоно бузду. Ошондой эле президенттик кызматка киришип жатып кыргыз элинин алдында берген “антын” да бузду деп эсептейбиз.

Мындан тышкары алдыңкы президенттер А.Акаев, К.Бакиев тушунда эл бай жана кедей болуп бөлүнгөн болсо, президент А.Атамбаев тушунда дагы маңкурттар катмарына бөлүндү.

КР Конституциясында “адам жана жаран” деген сөздөр эле бар, “маңкуртттар” деген сөз жок.

Эми “маңкурт” деп айтылган сөз азыркы учурда адамдын эс-акылына, адамдык касиетине  таасир этип, өмүр бою эсте калат. Кыргыз эли: “кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт”,- деп бекеринен айтпаган чыгаар. Кыргыз улуту коңшулаш жана чет мамлекеттерде өзүн кемсинтүү даражада сезет. Кино саякатта: Африка өлкөлөрүндөгү жылаңач жашаган аборигендер дагы эле адам этин жешкени боюнча тележурналистер айтышат, эми мындан ары дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөн кыргыз журтунда “маңкурттар” бар экенин тележурналисттер сөз козгосо ким күнөөлүү болот? Эми мындан ары “маңкурттардын” Конституциялык  укугу жана эркиндиктери кандай болот деген суроо туулат.

 

“Эл бузарлар” ким?

 

“Эл бузар” деген сөздүн мааниси - азгыруу, эликтирүү, жолдон чыгаруу жана ыплас аракеттерге барууну түшүндүрөт. “Букардын каны Темиркан бузулган кызын тыйсачы”,- деп айтылган сөздө да бир мандем бар. Пидофилдерди, баччаваздарды, денесин саткан аял затын эми кантап атайбыз?

 

“- Журт бузар!- деди (Бекназарга карата) Абил бий калчылдап...

 

- Ушул журт бузганбы, паңсат аке? Жок! Мен алаканда турган акыбалды айттым. Бөөдө өлүмдөн жигиттердин башын арачаладым” (“Сынган кылыч” романы, Т.Касымбеков).

 

Демек, “эл бузар” деген сөздү ошондой жагдайда эч ким айткан эмес экен.

 

1990-жылдардагы Өзгөн, Ош тополоңу жана 2010-жылдагы Ош окуясындагы улуттар арасындагы жаңжал, канчалаган адам өлүмү менен коштолсо да “эл бузарлар” деген сөз термини колдонулган эмес эле.

 

Эл бузарлар (журналистер, саясатчылар,  коомдук ишмерлер) кыргыз элинин жашоосуна  ушунчалык коркунуч жаратып, жамандыкты жаратып жатышабы (?) деген суроо туулат.

 

Саясатчылар, журналистер А.Атамбаевдин 2,7 га Максим Бакиевге тийиштүү жер тилкесин сатып алганы, “16-январдагы самолеттогу жүк хан айымдыкыбы?”- деген суроолор, Дача СУ жеринде адамдар күтүүсүз каза болсо да президенттин апат болгон жерге барбагандыгы же телеберүүдөн элге кайрылуу жасабагандыгы боюнча жанаа шоопурларынын жогорку кызматка дайындалышы ж.б. боюнча маалыматты таркатканы чындык. Ошондой эле айыл өкмөттөрдун башчылары да СДПК партиясынынан экени айтылууда.

 

Бул жагдайда “эл бузарлар” деген сөздүн айтылышы – “күн тийсе мага гана тийсин, баарын жеке гана мен көрөйүн, байлык топтолсо мага топтолсун, бүт эл мага гана карасын”- деген ойлору бар адамдын сөзү деп эсептейбиз. Ошондой эле бийликти жеке колго алуу же бийликти колдон чыгарбоо максатында экинчи жакты кемсинтүү жана каралоо максатында болгон адамдын сөзү. Кыргыз тилинде “бузуку” жана “ыплас” сөзү синоним сөздөр.

 

“Сасык” деген сөздун мааниси кандай?

 

Тээ атам замандан бери эле кыргыз элинде “сасык” деген сөз адам чычканда көтүнөн түшкөн бокко айтылып келген. Колунан эч теке келбей же бирдеке жасай албай калган адамды да бокко теңешкен.

 

Натыйжада президент Атамбаев А.Ш. өз шайлоочуларына же кыргыз жарандарына карата “сасык” деген сөзду айтуу менен аларды бокко теңегени, мазактоо жана адамдык ар намысына шек келтирген деп эсептейбиз. Мындан тышкары Атамбаев – “мен деген президентмин, а силер сасык (бокко теңсиңер)”- деп айтуу менен колуңардан эчтеке келбейт дегенди түшүндүрөт.

 

Ал эми табиятта башка нерселерден бөлүнгөндү искесек - “жыт” деп айтылат. Ошондуктан ал сөз - эне жыты, бала жыты, гүл жыты, тамак жыты, чириген нерсенин жыты, түтүндун жыты ж.б. айтылат. Кыргыз тилинде “сасык”, “бок” деген сөз айтылышы ар башка, бирок мааниси бирдей синоним сөздөр.

 

Атамбаев А.Ш. өз сөзүндө кыргыздын “сасык” сөзүн орус тилине “вонючий” деп которду. Бул учурда орус макалында: “не трогай говно, вонять не будет”,- деп айтылат. Бул жагдайда да “сасык” деген сөз мааниси “бокко тете” экенин далилдейт.

 

Тыянагында президент Атамбаев А.Ш. жогорудагы мазактоо, адамдан беделине, ар намысына шек келтирген сөздөрдү көптүк түрдө бир нече жолу кайталап айтканы чындык. Президент Атамбаев А.Ш. сөзүндө:

 

- Маңкурттар! Маңкурттар!!!...Эл бузарлар! Сасык саясатчылар!

 

- Эне тилин билбеген маңкурттарга түшүндүргүм келет!

 

- Кыргыз тилин билбеген маңкурттарга айтып атам! (орус, дунган өзбек улуттарына карата айтылдыбы (?) деген суроо туулат);

 

- Сасык саясатчыларга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушакчыларга ишенип, карегибиздей мамлекетибизди кайрадан мародёрлердун, уурулардын колуна салып беребизби?,- деп айткан сөздөрү кыргыз элине жана күздөгу президенттик шайлоодогу талапкерлерге карата айтылды деп эсептейбиз. Эл журналистерди, саясатчыларды угат, бирок аларды ээрчибейт, эл бийлик адамдарын гана эрчигенин эске алуу керек.

 

Коркутуу, зордук-зомбулук!

 

“Кудайдан корккула!”,- деп бийик трибунадан кызматтык абалынан пайдаланып президент А.Атамбаев дайыма эл алдында айтышы өлкөнүн мыйзамдарын бузуу деп эсептейбиз. Анткени, КР Конституциясында жана мыйзамдарда “КУДАЙ” деген сөз жок. А.Атамбаев “Кудай” сөзүн айтуу менен жөнөкөй элди “Кокон ханындай” коркутуу менен баш ийдирүү аракетинде экенин эске салабыз. А.Атамбаев кудайдан корксо, анда 650 миллион доллар суммадагы байлыкты кантип жыйды (?) деген суроо туулат (“Майдан” гезити, 08.03.17ж. №8).

 

Атамбаевдин өз сөзүндө: “Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин, керек болсо тагдыры, келечеги чечилет, алдыда президенттик шайлоо турат!”-, деп айтуусу өлкөнүн президенттик-диктатуралык башкарууга бара жатканы боюнча  саясат жүргүзүп жаткандыгынан кабар берет. Кыргыз эли, жери жана келечеги Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгондо же 25 жыл илгери эле чечилгени боюнча сөз козголушу керек эле. Президенттик кызмат 6 жылга эл тарабынан шайланган өкүл адамы жана элге ак ниети менен “кызмат кылуучу” кыргыз жараны экенин түшүнбөгөнүнө акыл калчабайт.

 

Бийик трибундан жана президенттик абалынан пайдаланып А.Атамбаевдин 15-март 2017-ж. сүйлөгөн сөздөрүнүн мааниси кыргыз жарандарына карата мазактоо, зордук- зомбулук жана коркутуу  деп эсептейбиз.

 

Бул жагдайда президент А.Ш.Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүндө КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 128, 134, 151-статьяларынын элементтери бар.

 

Мындан тышкары А.Атамбаев президент К.Бакиев тушунда премьер-министрлик кызматты аркалаганы, орден алганы жана К.Бакиев Германияда өлүм алдында жатканда, өлкөдө президенттик кресло чуусу башталганда, кыргыз телеканалында сүйлөп: президент К.Бакиев аман-эсен экенин, сакайып калганын жана Кыргызстанга жакында келиши боюнча куш кабарды тараткан аракетин эске алуу керек.

 

Жогоруда жазылгандардын негизинде жана КР Конституциясынын беренелерине, КР ЖПК 35-беренесине ылайык суранам:

 

1. Президенттик кызматты аркалап турган А.Ш.Атамбаев 15-март 2017-ж. сөзүндө, кыргыз элин - кыргыз улутун кемсинтүү, басмырлоо максатында “маңкурттар, эл бузарлар, сасык саясатчылар”- деп айтуу менен кыргыз жарандарын мазактоо, адамдык беделине, ар-намысына шек келтиргенин жана Конституциялык мыйзамды бузганын аныктоону.

 

2. Президент А.Ш.Атамбаевден кыргыз элин мазактоо, адамдык беделине, ар намысына шек келтирген сөздөрү үчүн моралдык чыгым  1 миллион сом акча каражатын өндүрүүнү.

 

3. Президент А.Ш.Атамбаев чет өлкөлүк дипломаттар алдында “маңкурттар” деген сөзу менен кыргыз улутунун түпкү сырын ачканы эске алынсын.

 

4. Президент Атамбаев А.Ш. кыргыз жарандарына “маңкурттар” деп корутунду бергендигинин негизинде алардын адамдык касиети жана акыл-эси жок, итке теңелип, айбандан - макулуктан айырмасы жоктугуна көңул бурулушун.

 

5. Мындан ары “маңкурттардын” Конституциялык укугу жана эркиндиги боюнча түшүндүрмө берүүнү (президенттин указы менен “маңкурттарга” өзунчө статус берилип жана жаңы паспорт берилеби ж.б.).

 

Карапайым кыргыз элине кайрылуу

 

“Акылдуунун тилин алып, көздүүнүн артынан эрчи!”

 

Кыргыз мамлекетинде 2017-жылдын күзүндө боло турган президенттик кызматка шайлоо  жылдын башында эле талапкерлерди көрсөтүү менен башталып кетти. Ал талапкерлер  кыргыз мамлекетинде эле жашап, акча каражатын жыйнаган саясий партиялар, миллионерлер, миллиарддерлер экенин эл көрүп, билип жатат. Жылдын башталышына 4 ай болбой туруп, 4-5 атуул президенттик кызматка талапкер болуп аттанды. Саясий партиялар, миллионерлер, миллиарддерлер элди жана мыйзамдарды сыйлаган жок. Себеби, “эл эч кайда барбайт, акча менен элди сатып алабыз, а мыйзамдарды тебелесе болот” деген ойдо жүрүшөт.

 

Кытай философу Конфуций: “Бир жолу жасаганды дагы кайталасаң, аның бара-бара көнүмүшкө айланат. Көнүмүштү көбөйтсөң - аның адатка айланат.Адаттан мүнөз жаралат. Мүнөздөн тагдыр түптөлөт”,- деп кыргыз элине да айткан окшойт. Бирок, 25 жылдан бери акылдуунун сөзүн укпадык!

 

Акылдуунун илимин албадык! Көздүүнүн артынан эрчибедик!

 

Тескерисинче: шайлоо сайын куру убада, трактор бере салмай, жол оңдомой, бүтпөй калган курулушту бутүрө салуу же тамак берүү жана таасирдүү адамдарга акча берүүлөр 25 жылдан бери адат болуп калды. Ага да макул десек, элдин жашоо-турмушу оңолбой, туңгуюкка кептелип жатпайбы.

 

Саясаттын сары шамалына караганда президенттик кызматка шайлоо күздө эмес эле жакын ортодо болчудай. Анткени, анда неге миллионерлер аябай эрте шайлоо жарышына аттанышты? Булардын шайлоо боюнча билген бир мандеми бар.

 

Күнүмдүк тиричилик менен алек болгон карапайым калк шайлоо менен жумушу да жок, эстерине да келбесе керек. Себеби эгемен болгондон бери бийлик элди бакпай, эл бийликтин адамдарынын үй-бүлөсүн, тууган-уруктары менен кошо багып, кала берсе аларды миллионер жана миллиардер даражасына жеткизүү менен убарагерчиликте.

 

Бул учурда кыргыз элинен чыккан жөнөкөй аксакалдар тобу – АТАлар 25 жылдан бери жашоодо эзилген, жумушсуздук айынан турмушу оңолбогон, жакындарынан күтүүсүз айрылган элдин тагдырын ойлоп, “Хан ордо – 7 АТА” тобу түзүлүп жаткан кези. Алар карапайым эл ичинен мыкты азаматты тандап, президенттик кызматка шайлоодо анын талапкерлигин көрсөтүү аракетинде.

 

Улукмандын 100 насыйкатында: “Эй атанын уулу, авал атаң - кудайың экенин тааны”, деп айтылгандай, 7 АТА - калкты калк алдында жер каратпаса керек. Ошондуктан “кимдин баласы болосуң?”- деген суроого, эми жооп берели. “Атанын сөзү балага ок”- дейт кыргыз эли.

 

Ансыз деле кыргыз эли өз атасын жана ата сөзүн ыйык туткан.

 

Конституцияда көрсөтүлгөндөй, эл бийликтин булагы болгон укугубузду кайтарып алуу мезгили келди, “эл бийлик адамдарын бакпай, бийлик элди багат” деген мыйзам орнойт. Азыркыдай бийлик элге кызмат кылбастан, эл бийлик адамдарына кызмат кылып, бийлик адамдарынын  миллионер болушуна көмөкчу болгонду токтотолу. Эгерде бийлик элге кызмат кылганда 1 миллиондон ашуун кайраты тоону бузган эр азаматтар чет мамлекеттерге темселеп кетпейт эле. Эми өлкөдө ишке жарамдуу канча азамат калганын эсептегиле. Кокустан биздин өлкөгө ИГИЛ - баш кесерлери кирип келсе кимдер мобилизация болуп, аларга каршы согушуп, элдин коопсуздугун сактап калышына да акыл калчап көргүлө. Чет элде айласыздан жумуш издеп жүргөн мигирант күчтөрдү өзүбүздүн жана мамлекеттин келечегине пайдаланалы, жакшылык- жаманчылыкта бирге бололу.

 

Кыргыз эли 25 жыл эгемендик жылдарда кимдердин ким экенин аябай жакшы эле билип калышты. Бирок, “өңдү көрсө жуз таят” болбойлу.

 

Акылдуунун тилин алып, көздүүнүн артынан эрчий турган убакыт келди. Тирүү туруп, угуп-көруп, убакытты текке кетирбейли !

 

Оо, калайык калк!!! Кайдыгер болбойлу!  “Хан ордо - 7 АТА” сөзун уккула!

 

Президенттик кызматка талапкерди карапайым калк арасынан шайлоого аймактык 7 АТАнын аталык иш аткаруусуна ишеним билдирели жана колдоо көрсөтөлү!

Чындыгында президенттик шайлоо болжогондон эрте башталышы айдан ачык болуп калды. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет”- дегендей, биз да шашылыш түрдө жарыя кылганга туура келүүдө. Аңүчүн:

 

1. Тез арада кимде ким “Хан ордо -7 АТА” аталыкка ишенсе, президенттик талапкерликке  бейнесин (автобиографиясын) жана 2 барактан кем эмес программасын (0312) 60-77-85 факсына жөнөтүүсүн суранабыз.

 

2. Ошондой эле кайдыгер эмес жарандар “Хан ордо -7 АТА” аталыгына ишеним көрсөтсө  (0312) 60-77-85 (факс) жана (0555) 305-113 байланыш телефону аркылуу иш жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү жана биримдикте болууну да суранабыз.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити