Россияда, айрыкча Москвада мигрант кыргыздарды кыргыз эле кылмыштуу топтун мүчөлөрү талап-тоноо менен шугулданышары жөнүндө көп эле айтылып келүүдө.

 

Картинки по запросу кыргызские мигранты в москве 

 

Бирок алар кармалбай келген. Жакында мына ошол Москвада мигранттардан опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Алардын батиринен курал-жарактар дагы табылган. Бул ирет Айбек аттуу Москвада иштеген жигит бул кылмышкерлерден жабыркаган. Бейтааныш балдар анын ишине келип, коркутуп, акча талап кылышкан: “- Бул жакта бир жылдан бери иштейм. Апрелдин башында бандит балдар келип, 80 миң рубль бересиң деп коркутуп кетишкен. Эмне кылаарымды билбей, дароо Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы​ өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Үй-бүлөм үчүн корктум. Эми өз укугумду коргоп, иштин аягына чейин барам”,- деген ал. Бул кылмыштуу топтон жабыркаган адамдын айтымында, алар өздөрүн Орусияда “Коля Киргиз” деген лакап ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрү экендигин айтышкан. КРнын ИИМнин Россияда өкүлү Аскат Алиевдин айтуусунда, россиялык кесиптештер менен биргелешип өткөрүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1991-1994-жылдары туулган үч кыргызстандык жаран камакка алынган. Эми алар Россиянын мыйзамына ылайык жазага тартылышат.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити