Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев 22-апрелде Россиянын Казань шаарында өткөрүлгөн бокстун TNA эрежеси боюнча 1/8 чечүүчү мелдеште россиялык Антон Калинин менен беттешкен. Бирок мелдештин аягында калыстар россиялык мушкер үч жолу кулагандыгына жана Дастан артыкчылык кылгандыгына карабай, жеңишти Калининге ыйгарып коюшту. Кыргыз мушкери алдын ала эле өзүн жеңүүчү катары санап, колун көтөрүп, башына ак калпакты кийип чыккан болчу. Бирок калыстардын калыссыздыгына нааразы болгон Дастан рингден түшпөй, нааразычылыгын билдирди. Ага башкы калыс: “Тебя депортируют из России” деген сөзүнө да көңүл бурбай, “Мне все равно” деп жооп кайтарды. Акыры алып баруучунун колунан микрофонду жулуп алып, кайра рингге чыгып, өзүнүн артыкчылык менен жеңгендигин жана аппеляция бере тургандыгын, “Вперёд, Кыргызстан!”,- деп түшүп кетти. Дастандын бул эрдигин, россиялык калыстардын каратып туруп анын жеңишин атаандашына ыйгарып салгандыгын социалдык тармактарда да миңдеген күйөрмандар көрүп, колдошууда. Бирок биздин бийлик, Дене тарбия жана спорт агенттиги бул окуяны көрбөгөн, укпаган абалда бир да пикирин билдирбей жаткандыгы таң каларлык.
Булак: “Майдан. kg” гезити