Бийлик кысым уюштуруп, абакка салган саясатчыларга болушуп, дароо көчөгө чуркап чыкмай адаттагы көрүнүшкө айланган.
Айрым саясатчылар кармалганда эл бир аймактан экинчи аймака жөө жүрүш жасап, автоунаа жолдорун тосуп, катуу каршылык көрсөтүшчү. Мындай убаракерчилик өзүн актаган убактар да жок эмес - абактагы саясатчыны элдин күчү менен бошоткон окуялар эсте сакталуу.
Ал эми бүгүнкү учурда да саясий куугунтукка кабылган бийликтин атаандаштарынын саны аз эмес. Чет өлкөдөн келип, Кыргызстанга бир буту кирип, экинчи буту кире электе абакка жетеленген саясатчы Садыр Жапаровдун камакта жатканына эки ай болду. Биринчи май райондук соту саясатчынын баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1де 28-майга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды. Ага “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “адамды туткунга алуу”, “бейбаштык” беренелери боюнча 26-мартта айып тагылган.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын кароодо ушул эле сот 25-майга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Чогултулган материалдардын негизинде лидерге “коррупция” беренеси боюнча айып тагылды.
Айтор, “кирүү оңой, чыгуу кыйын” аталган абакка кирген саясатчылардын издери толтура да, чыккан бир из жок болуп турат.
Бул эки саясатчыны колдоп, маал-маалы менен митингдер өтүүдө. Бирок, анын супсактыгынан, баштагыдай кайратман күчтүн жоктугунан, “абактагы саясатчыларды куткарып алуудан эл чарчап калганбы?”- деген ойго жетеленесиң.
Булак: “Майдан.kg” гезити