Ага куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, жоокерлер тартылып, жалпы 380 адам иштеп жатат.


29-апрелде Аюу айылында болжол менен 200 миң³ жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып, 24 жаран анын алдында калган. Кечээ үч адамдын сөөгү табылган.

 

30-апрелде Аалымдар кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Өзгөн районунда көчкү астында калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарган. Ага кеңештин 11 мүчөсү катышып, сунушту бир добуштан колдогон.

 

30-апрелде райондун Жалпак-Таш айыл аймагында дагы он бир үй жер көчкү алдында калды, киши өмүрүнө зыян келген жок. Тургундар бир күн мурун коопсуз жайларга көчүрүлгөн.