28-апрелдеги нөшөрлөнгөн жаандан улам өлкөнүн бир катар дарыяларындагы суу деңгээлинин 1-9 смге  көтөрүлүшү мүмкүн.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Нарын дарыясында 17  см, Нарын дарыясынын ортоңку агымында 54 смге, Тентек-Сай 10 смге, Көк-Арт 12 смге, Жазы 13 смге жана Кара-Кулжа дарыясында 42 смге су деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.  

 

Республиканын басымдуу дарыяларында суу агымы нормадан 112-197%га жогорулады.

 

 Нөшөрлөнгөн жаандын 28-апрелден 1-майга чейин созулушу тоолуу жана тоого жакын жайгашкан аймактардагы сел коркунучун күчөтөт, жээктерди суу алышы мүмкүн. Буга байланыштуу Бишкек, Ош аймактарындагы Жарандык коргоо өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга күч жана каражат аябашы керек.