«Аялдарга жардам берүү борборунун» президенти, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматованын айтымында, ал а өз кезегинде ала качуу менен турмушка чыккан.

 

Бул тууралуу ал «Кыргызстандагы аялдардын эркин никеге туруу укугун калыбына келтирүү» форумунда айтты.  

 

«Мен колуктуну уурдап качу кадимки көрүнүш катары эсептелген заманда өстүм. Совет учурунда жаштардын ата-энелери сүйлөшүп, кудалашуу жок болчу.

 

Ошондуктан, көбүнчө кыздарды жигиттер ала качып, турмуш курушчу. Мен бир жигит менен сүйлөшчүмүн. Бир жолу, троллейбуста баратсам, ал жигит да досу менен түштү. Мен түшчү аялдамага жеткенде, алар мени чыгарышпады. Кыйкырып, каршылык көрсөтүүдөн айланадагылардан уялып, алар менен чогуу барганга аргасыз болдум. Алар мени мен сүйлөшкөн жаш жигит жашаган бөлмөгө алып барышты. Агам Чыңгыз Төрөкулович Айтматовду мени ала качып кетишкенин айтып, кабардар кылышты. Мен каршы болболдум, анткени, ал жигит мага жакчу. Биз 47 жыл чогуу жашадык», - деди Роза Айтматова.  

 

Ал: «Менин баяным бактылуу аяктады. Бирок, кыздар турмушка чыгууга каршы болгон кырдаалдар да кездешет да. Бүгүнкү форум- бул маселени чечүүгө жасалган аракет», - деп белгиледи.