Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган министрлер кабинети бейшембиде парламентте отчет берди.


Анда 2016-жылы өкмөттүн программасы 90% аткарылганы, экономикалык өсүш 3,8% түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40% инвестиция тартылганы, экспорттун көлөмү 5,1% көбөйгөнү, ошол эле учурда былтыр чет өлкөлүк түз инвестиция 2015-жылга караганда 58% төмөндөгөнү белгиленген.

 

Негизги сын жолдун абалы, жол кырсыктары, билим берүү, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышы, жеңилдетилген насыя боюнча айтылды.

 

Парламенттеги “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн отчетун “канааттандырарлык эмес” деп табышты. “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев азыркы иштеп жаткан өкмөттүн саясатын натыйжалуу эмес деп сындады.

 

Премьер Жээнбеков өкмөттүн отчетун колдоп, дагы бир мүмкүнчүлүк бергени үчүн депутаттарга ыраазычылыгын билдирди.