Кыргыз Илимдер Академиясы «сасык» деген сөздү лингвист-эксперттер болбогондуктан талдай алышпайт.

 

Академия түшүндүрмөсүн «Ата Мекен» партиясынын мамлекет башчысына карата жазган арызы каралып аткан сотко жөнөттү.

 

Эске салсак, аталган партия президентти жалган жалаага айыпташууда. Алар сотко кайрылып «Ата Мекенди» сасык партия, ал эми анын лидери Текебаевди мародер деп айтканы үчүн президенттин кечирим сурашын талап кылышкан.

 

Бирок, президенттин өкүлү сотто Атамбаев партияны да, анын лидерин да мазактабаганын белгилеген.

 

Партиянын адвокаты Канатбек Азиздин айтымында, Бишкек шаардык сотуна «сасык» сөздү экспертизадан өткөрүүгө арыз беришкен. Он күндүн ичинде каралышы керек.