Активисттер жакында Бишкекте болуп өткөн окуяга, эки мектеп окуучусу жол кырсыгына туш болгонуна басым жасашты.
«Бишкекте балдар жабырланган дагы жол кырсыгы катталды, окуучулар он метрге ыргышкан, Жол кырсыгына себепкер болгон адам эки жыл мурун да бирөөнү өлүмгө жеткире сүзгөнү белгилүү болду. Эмнеге ал адам эркиндикте жүрөт, эмнеге жазаланган эмес? Эмнеге биз балдарыбыздын жана жакындарыбыздын коопсуздугу үчүн коркуп жашайбыз?», - деп жазган активисттер.
2016-жылы жол кырсыгынан 128 бала каза тапкан, 10 жылдан бери миңдеген баланын өмүрү жол четинде кыйылган.
Активисттер бул тууралуу: «Адамдарды согуштагыдай жоготуп атабыз. Биз, жарандар да буга күнөөлүүбүз. Мамлекеттен башкы функцияны – адамдардын коопсуздугун сактоону талап кылууну унутканбыз. Аны менен катар чиновниктердин коопсуздугун жолду тороо менен камсыздамайды нормалдуу көрүнүш катары караганбыз», - дешет.
2016-жылдын 1-августунда Алмазбек Атамбаев «Коопсуз шаар» маселеси жогорку деңгээлде ишке ашышын жеке өзү көзөмөлдөй турганын айткан. Андан бери сегиз жылдай убакыт өттү.
Активисттер убаданын аткарылышын мындай ары күтө алышпай тургандыктарын айтып, мамлекеттен жарандардын коопсуздугун камсыздоону талап кылышууда.