Бүгүн Бишкектеги Сапатком бизнес-борборун 200гө чакты милиция бастырып кирип, ичиндегилерди сыртка чыгарган.
Окуя болгон жерге келген Нариман Түлеев: «20-апрелде укук коргоо кызматкерлери келишип, имаратты бошоткула деген талап коюшкан. Бирок, соттун чечиминде конфискация болбогондуктан, эч жакка кетпейбиз дешкен. Бүгүн эрте менен милиционерлер келишип, ичиндегилерди сыртка чыгарышып, имарат мамлекеттин менчигине өткөнүн айтышкан. Имаратта бөлмөлөрдү ижарага алып иштегендер бар, алар жеке буюмдары калганын айтышса да , эч кимди киргизишпептир», -деген.
Имаратта 150 адам ижарага бөлмөлөрдү алып иштетишет.
Экс-мэр соттун конфискация боюнча чечими чыкмайынча, имаратты бошотушпай турганын белгиледи.