Кыргызстанда жер титирөө катталганын Европа – Ортодеңиздик сейсмологиялык борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 6.41 жана 6.55тердин ортосунда жер титирөө болуп, күчү 4,1 жана 4,2ге жеткен.
Биринчи жер титирөөнүн очогу Бишкектен түштүк-чыгышты карай 40 чакырым алыстыктагы, экинчиси 58 чакырым аралыктагы жер болду.