Укук коргоочунун айтымында, ал Кунакунов менен жолукканда колдорунда электрошокерден калган тактар жана ийненин издери калганын көргөн. Бирок, айыпталуучунун кыйноого кабылганын оозеки гана айтууда, аны тастыктаган документалдык далил жок.

 

 «Бирок, анын кыйноого алынганын далилдөө биздин иш. Тергөө менен прокуратура иштеш керек. Бир гана нерсе кызык- бул адамдар 2015-жылдын 16-июлундагы атайын операциядан кийин ар кайсы убакта ар кайсы жерден кармалышкан. Алар ал турмак бири бири менен тааныш эмес. Адвокаттарды да аларга эки айга чейин киргизбей атышты», - деди Абдрасулова.

 

Эске салсак, экс-депутат, жарандык активист Максат Кунакунов терроризмге айыпталып кармалган болчу.