«24kg» маалымат агенттиги жазып чыккандай, депутат Акылбек Жапаров 2015-жылга карата толтурган декларациясында аялынын кирешеси тууралуу ооз ачпаган.
Депутаттын аялы «Тридас» ЖЧКсынын ээси.
Мамлекеттик кадрлар кызматынын сайтында 2015-жылга карата толтурулган чиновниктердин декларациясын караган аталган маалымат агенттиги Акылбек Жапаровдун декларациясында аялынын кирешеси тууралуу маалымат берилбегенин байкаган.
Декларацияга караганда, 2015-жылы депутат 81 миң 833,41 сом иштеп тапкан. Жеке менчигинде батир бар.
Ал эми жакын туугандарынын кирешелери тууралуу маалымат бербеген.
Адилет министрлигинин маалыматына караганда, Жапаровдун аялы Анара Жапарова «Тридас» ЖЧКсын жетектейт. Бул фирма Кыргызстанга кондитердик азыктарды жеткирүү менен алектенет. Андан тышкары «Тридастын» дагы бир филиалы бар, аны Максат Конушбаев жетектейт. Филиал соода-коммерциялык жана ортомчулук ишмердүүлүктү аркалайт.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров журналисттердин кирешесин коомго алып чыгууну сунуштаган. Ал миң нускадагы гезиттердин редакторлору менен ээлери да кымбат баалуу автоунаа айдап жүрөөрүн белгилеп, бул каражаттар «кимдир бирөөнү жамандамай тапшырык макалалар үчүн төлөнгөн болушу керек» дегендей божомолго жетеленген.