Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Акылбек Жамангулов өткөн жылы патрулдук милиция түптөлүп, ага 514 миллион сом бюджеттен чыгымдалганын эске салды.
«Каражат автоунааларды, кызматтык формаларды жана камераларды сатып алууга кеткен. Андан бери көп убакыт өттү, бирок дагы деле эч кандай натыйжа жок. Көчөлөрдө жол кырсыгы дагы деле көп катталууда, жарандарыбыз кырсыктан каза болуп атышат. А патрулдук милициялар жол кырсыгынын алдын алуунун ордуна айдоочулардан пара алуу менен алектенип атышат»,- деди депутат.
Айтымында, жол кайгуул тармагындагы натыйжа бербеген реформа үчүн тийиштүү тараптарды жоопкерчиликке тартуу керек.
«Бул реформага ким жоопкер болсо, ал жооп берсин. Каражат кетти, а жыйынтыгын албадык»,- деп белгиледи.