Бир катар депутаттар коомдук талкууга «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулу тууралуу» мыйзамдолбоорун алып чыкты.
Мыйзамдолбоорунун демилгечилеринин айтымында, учурдагы мыйзамда өлкөнүн заманбап социалдык- экономикалык акыбалы каралган эмес.
Ошондуктан, мамлекеттик жөлөкпулдардын системасы жөнгө салынган, тактап айтканда, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жаш балалуу үй-бүлөлөрдүн кирешесине карабай, белгилүү чекте жөлөкпул төлөп туруу сунушталды:
- 1. Бала төрөлгөндө бир жолку төлөнчү сүйүнчү
- 2. Төрөлгөндөн баштап үч жашка чейинки балдарга
- 3. 3 жана 16 жашка чейинки үчтөн көп баласы бар үй-бүлөлөргө