Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азиз Турсунбев Дача-Су айылынын элинин талабын орундатып, кырсыктан улам үйсүз калгандарды үйлүү кылуунун ыкмасын сунуштады.

 

Айтымында, Акүйдүн алдына чыгып, митинг өткөргөн жергиликтүү тургундардын талабын бийлик көңүлгө алыш керек.

 

«Алар коопсуз жайга көчүргүлө, үйсүз калгандарды турак-жай менен камсыз кылгыла деп атышат. Кырсыктан жабыркагандарга жардам берүүгө көп суммадагы каражат чогултулуптур. Аларга жер алып, үй салганга деле ошончо акча кетет. Андан көрө азыр даяр үйлөрүн сата албай отурган компаниялар көп. Ошолордон эле үй сатып алып, тургундарды камсыз кылыш керек», - деди ал.

 

Ошондой эле депутат «жер алып, үй салдырганга кайрадан компания издейсиңер, тендер өткөрөсүңөр, ага чейин декабрь болуп калат, кышында үйсүз тургундар кайда барат? Ансыз деле аларды батирлерде, мейманканаларда жашатып, ага төлөнгөн каражат көбөйүп кетти», - деп белгиледи.