Депутат Руслан Казакбаев өлкөнүн экономикалык, социалдык акыбалынын өнүкпөй атканын кадрдык маселеге жакшы көңүл бурулбай атканынан көрдү.

 

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

 

Айтымында, өкмөттүн тез-тез өзгөрүп турушу кадрлардын туруктуулугун жок кылууда.

 

«Экономикалык, социалдык кыйынчылыктан мамлекетти билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар чыгараары талашсыз. Бизде, саламаттыкты сактоо, эл агартуу, айыл чарба, укук коргоо, деги эле бюджеттик тармакта иштеген кадрлардын ишмердүлүгүнө жакшы деп баа бере алабызбы? Мамлекет мыкты кадрларынын баркына жетпей атат. Жетекчилерди ар бир-эки жылда алмаштыра берип, эч ким эч нерсеге жооп бербей турган акыбалга жеттик», - деди ал.

 

Депутаттын белгилешинче, ИИМде беш жылда беш министр алмашкан.

 

«Транспорт министрлигинде акыркы эки жылда  чыр менен да, жөн дагы үч министрди кетирип-келтирдик. Адилет министрлигинде төрт министр алмашты. Адилет министрлиги болуп турган Жылдыз Мамбеталиева  бир себеп менен ал да кетти.  Мүлк фондунун жетекчилигине Мелис Мамбетжанов келип, эффективдүү программа алып чыкты эле, анысын иш жүзүнө ашыра электе, кетирдик. Биринчи кадрдык саясатты бекемдеп алсак гана иш алдыга жылат»,- деди депутат.