Президенттик администрациянын экс-жетекчиси Тойчубек Касымовдун жоголгон кылмыш иши ордуна келтирилди.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Анда айтылгандай, Башкы прокуратуранын кылмыш иши жок болду деген билдирүүсү чындыкка төп келбейт.
«2017-жылдын 19-мартында аталган кылмыш иши табылбай калгандыктан, дароо эле материалдардын көчүрмөлөрүнөн калыбына келтирилген», - дейт Бишкек ШИИБи.