Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, Бишкекте 1984-жылы туулган С.Э. менен 1990-жылы туулган Т. П. аттуу кыздар ижарага алынган батирлерди тоноого шектелип кармалышты.
Маалыматка караганда, учурда алардын ага чейинки тоноолору боюнча фактылар иликтенип атат.
3-апрелде Октябрь райондук ИИБине шаардын тургуну арыз менен кайрылып, үй ээлери үйдө жок кезде белгисиз бирөө батирге кирип, 3 плазма телевизорун (жалпы баасы 140 миң сом) уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
8-апрелде дагы бир шаар тургуну арыз менен кайрылган. Бул жолу белгисиз бирөөлөр плазма телевизорун, муздаткыч жана электроплитаны көтөрүп кетишкен.
Ыкчам-иликтөө чарасынын негизинде, шектүүлөр кармалышып, алар Токтогул районунун тургундары болуп чыгышкан.
Кыздар схема түзүшкөн. Алардын планы мындайча иш жүзүнө ашкан: батирди ижарага алабыз дешип, кожоюндардан ачкычты алышкан. А ижара акысын бир нече күндөн кийин төлөмөк болушат. Бирок, ар кандай себептерди айтышып, кожоюндарга ачкычты кайрып беришкен. Анан ал батирге башка квартиранттар киришин күтүшкөн. Квартиранттар үйүндө жок кезинен пайдаланышып, мурда жасатып коюшкан ачкычты пайдаланышып, үйгө киришип, уурулук жасашкан.
«Эгер сиз сүрөттөгү кыздарды тааный турган болсоңуз, 0555 102 979 жана 0552 102 542, же 102 номерине байланышыңыздар», – деп суранат Бишкек ШИИБи.