Парламент жыйынында депутат Садык Шер Нияз Акыйкатчылык натыйжалуу иштеши үчүн, колу-бутун байлабай, бош коюу керек деген пикирин билдирди.
«Мурда Акыйкатчылык институтун Жогорку Кеңеш шайлачу, бирок, отчет берүү деген жок эле. Эми отчет бердирмейди киргизип алып, Акыйкатчыны ошону менен коркутуп атабыз. Беш жылга шайладыкпы, беш жыл иштесин. Ар бирибиз телефон чалып, отчетко келгениңде алып түшөм деп, коркутуп отурсак, булар кайдан иштесин? Акыйкаттуулук –мыйзамдуулук, колу-буттары бош болуп, эркин иштеши керек. Шайлаарын шайлап алып, көзөмөлдөй бербей, эркиндик берели», - деди депутат.