Парламенттин жыйынында бир катар депутаттар тарабынан демилгеленген депутаттардын жумушуна болгон мамилесин жана башка бир катар маселелерди көзөмөлгө алчу мыйзамдолбоору талкууга алынды.
«Үч күн жумушка себепсиз келбей калган депутаттарды айлык маянасынын 50%ын кыркуу керек» деп жазылган мыйзамдолбоорундагы пункт бир катар депутаттардын нааразычылыгын жаратты.
Депутат Садык Шер Нияз «кыргызча чен-өлчөм» мыйзамдолбоорунда каралбай калганын белгиледи.
«Үч күн жумушка келбесе, айлыгынын жарымы кетет экен. Ошондо, алты күн жумушка келбей калган байкуш депутат бала-чакасын кантип багат? Союз убагында буржуаздарга да мындай айып салынган эмес. Кыргызса чен-өлчөм деген болушу керек да», - деди депутат.
Ал ошондой эле мыйзамдолбоорундагы «иш сапарына чыгаарда депутат фракция лидерден уруксат алышы керек» деген пунктка да токтолду:
«Кээ бир депутаттарды фракциялардан чыгарып коюшту, алар кайсы лидерден барып, уруксат алат? Менин маданий чөйрөдө 16 000дей таанышым бар, ар кандай маараке, иш чараларга чакырышат. Алардын ар бирине бараарда лидерден уруксат сурап отурушум керекпи? Лидерлерге бийлик жетишпей атабы, эми мындай мыйзам чыгара башташыптыр. Ошон үчүн лидер, фракциясын карасын, тартип киргизсин, минтип мыйзам жазбай. Тартип орнотуу колуңдан келбесе, кет», - деди Шер Нияз.