Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын № 27 түзөтүү колониясына аталган колониянын жетекчисинин жардамчысы А.А. тыюу салынган буюм алып киргени үчүн кармалган.
Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, күзөтчү капитан А.А.ны өткөрүү пункту аркылуу киризип атып, бушлатынын ичине бирдеме катып алганын байкаган. А.А. катылган нерсе май экенине күзөтчүнү ишендирүүгө аракеттенген. Тергөө-ыкчам тобу оролгон буюмду ачышып, анда 114,45 грамм гашишти табышкан.
ЖАМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши ачылды. Кармалган капитан СИЗО-1ге эки ай мөөнөткө камалды.