Бул 5-чакырылыштагы депутат Жылдыз Жолдошова менен спикер Асылбек Жээнбековдун түгөнбөгөн чырын эске сала баштады.

 

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбековду сөз сүйлөөгө кезек бербегенине айыптады.

 

Ушул эле фракциянын депутаты Садык Шер Нияз да ушул өңүттөгү наарачылыгын айтты.

 

«Талкууга жазылгандардын арасынан менин фамилиямды көрүп эле, талкууну токтотууну добушка кое берет экенсиз. Андай болбойт! Анда сөзгө жазылбай эле койбойлубу, жазылгандан кийин айта турган сөз бар да»,-деди Шер Нияз.

 

Чыныбай Турсунбеков: «Биз регламентке карата иш алып барып атабыз. Мындан кийин Шер Нияздын сөзүн угуп анан добуш берүүгө өтөлүчү», - деди.