Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Касымов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпталган.
«2004-жылы президенттик администрациясынын жетекчиси болуп туруп Касымов Бишкек мэриясынын жетекчилигине мыйзамсыз көрсөтмө берип,тууганы С.М.ге 0,5 гектар жер тилкесин бөлдүрүп берген. Ал жер коомдук пайдалануудагы, Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Кийинчерээк ал жерге ээлик кылгандар тарабынан алты кабаттуу имарат курулган. Бул факт боюнча 2007-жылдын 15-мартында кылмыш иши ачылып, Касымовго сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланган», - деп билдирди Башкы прокуратура.
Ушул жылдын мартында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ИИБден аталган кылмыш ишин сураган.
Бирок, кылмыш иши архивден табылбаган. Ага байланыштуу Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин ачкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө,Касымовго издөө салынган иш да жоголгондугу аныкталган.
Учурда бул масле боюнча кызматтык иликтөө үрүүдө.