Депутат Аида Салянова Жогорку Кеңештин жыйынында, өкмөттү чакырып, учактын кыйрашынан жабыркаган дачасулуктарга кандай жардам көрсөтүп атканын угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
«Кырсыктан жабыркагандар митингге чыгышса, кармап атышыптыр»,-деди депутат.
ИИМ министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, митингде көз боемочулар кармалышкан.
«Митингде жабыркагандарга компенсация алуу ишинде жардам берем деп сунуштап жүргөн көз боемочулар кармалды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. А митингчилерди кармоо болбоду», - деди Асанов.
Эске салсак, Дача-Суу айылынын эли Акүй алдына митингге чыгып, аларды башка аймака көчүрүү талабын бийликке койгон. Бирок, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков көчүрүүгө мүмкүнчүлүк жоктугун депутаттарга билдирген.