Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар демилгелеген депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамдолбоору каралууда. Мыйзамдолбоору конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин кароосунан өткөн. Демилгечилер жүйөлүү себептерге байланыштуу, жыйынга катышпагандыктан, мыйзамдолбоор боюнча депутаттардын суроосуна аталган комитеттин жетекчисинин орун басары Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.
Эл өклдүрүнүн терс реакциясын баарынан да мыйзамдолбоорундагы «жумушка келбеген депутаттардын 50% айлык акысын кыскартуу керек» деген бөлүм жаратты. Андан тышкары, иш сапарларына чыгууда фракция лидеринин уруксатын алуу керек деген да чектөө жакпады.
Депутат Дастан Бекешев «депутат иш сапарына чыгууда фракция лидерине кат менен кайрылыш керектигин» такыр акылына сыйдыра албады.
«Кокус лидер өзү иш сапарына кеткен болсо, депутат кантип уруксат алат? Лидер келгиче иш сапарына чыкпайбы?»- деген суроо узатты.
Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, лидердин жоктугу депутаттын иш сапарына чыгуусуна тоскоолдук жаратпайт. Анткени, лидер болбосо да анын орун басары бар.
Депутат Дастан Жумабеков «жумушка келбеген депутаттардын айлык акысы кыскартылаарына» макул болбоду.
«Депутаттар дайым эле парламентте отура алышпайт да. Башка иштер менен жүрүшөт, тегерек үстөлдөргө катышып, эл менен жолугушушат. Иш сапарына чыгаарда ансыз деле төраганы кат жазып, кабардар кылышат. Ага кеткен чыгымды чакырган тарап төлөп берет. Мамлекеттин чыгаша кетпегенден кийин, депутат кимге отчет бериши керек?»-деп нааразыланды.
«Бул мыйзамдолбоорун туура эмес түшүнүп алдыңыздар. Ал тегерек үстөлдөргө барып, шайлоочулар менен жолугуп жүргөн депутаттарга коркунуч туудурбайт. Авторлор депутаттар элге берген убадасын аткарсын, жумушуна жоопкерчилик менен мамиле жасасын деп, айлап талаалап жүрүп, парламентке бир баш багып койбогон депутаттарга багышташкан», - деди Шыкмаматов.
Айрым депутаттар кимдин тегерек үстөлдө жүргөнүн, кимдин жумушка келген-келбегенин кантип аныктайт деп дагы суроо жаадырышты. Ал турмак депутат Дастан Жумабеков:
«Бул жерге 120 депутатты топтоп алып, эмне кыласыңар? 120 депутат толук келгенден кандай пайда бар?»- деп балп эттирди.
Депутат Карамат Орозова «өзүм да мыйзамдолбоорун колдобойм, сиздерди да колдообого чакырам», - деди.
Алмамбет Шыкмаматов «бул мыйзам иштеп аткан депутаттарга тиешеси жок, айлыгын алып коюп, бирок, милдетин аткарбай, чалкалап жаткан депутаттарга чара көрүүнүн жолу», - дегенине карабай, депутаттар мыйзамдолбооруна көңүлдөнүшпөдү.