Эларалык иштер, коргоо жана коопсуздук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун укту.

 

Депутат Акылбек Жамангулов ИИМдин реформа жасап, патрулдук милицияны киргизгенинен жыйынтык чыкпаганын белгиледи.

 

«ИИМдин маалыматына караганда, патрулдук милицияны түптөөгө 513 миллион сом кетиптир, бирок, анын пайдасын көрбөдүк. Биз аларга камера дагы башка нерселерди алып берип, жол кырсыгын азайтууга шарт түздүк, а алар акча жыйноочу кызматка айланышты. Бадалдардын артына жашынып, автоунааларды аңдышат»,- деди