Балыкчы шаарындагы мектептердин биринин окуучулары жана мугалимдери белгисиз иске ууланышкан.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, окуя 17-апрелде саат 10.35те Абдылдаев атындагы № 3 мектепте болгон. Истен ууланган беш окуучу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, дагы беш окуучу травматология бөлүмүнө жаткырылган.

 

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери, дарыгерлер жана куткаруучулар келишкен. Эки мугалим менен эки окуучуга ошол жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 

Учурда белгисиз ис кайдан чыкканы иликтенүүдө.