Кечээ, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн отчетун угушту. Анда, айрым депутаттар тарабынан Дача-Су айылынын тургундарынын бийликке койгон талабы айтылды. Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Акүйдүн алдына топтолушкан аталган айылдын тургундары бийликке талап коюшкан. Алар болуп өткөн кырсыктан кийин айылда жашоо мүмкүн болбой калганын, учактардын күрүлдөгөн үнүнөн чоочулап калышканын, алардын чыккан зыяндуу түтүн ден соолуктарына терс таасирин берээрин айтышкан. «Биз көчө турган жер деле бар, бирок, ал жерди депутаттар берүүнү каалабай атышат», - деп эл өкүлдөрүнө нааразы болушту эле.
Көрсө, «иттин өлүгү» башка жакта катылыптыр. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн тургундарды башка аймакка көчүрүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун ачык айтты. Биздин өкмөттүн жарандардын коопсуздугуна, ыңгайына карата иш кылаарда мүмкүнчүлүгү ар дайым жок болуп келет. Бул таң калыштуу эмес. Бирок, январда канча деген адам өмүрүн алып, бир үй-бүлөнү толугу менен жуткан каргалашуу кырсыктан кийин да, калган жарандарынын өмүр менен өлүм ортосундагы маселесине кайдыгер караганы таң калтырат.
Өкмөт башчысынын айтымында, жакын арада түрк тараптан кырсыктан жабыркагандарга компенсация бөлүнөт экен. Анан ал каражат он күндүн ичинде тийиштүү адамдардын колуна тийет дейт. Ошол эле Акүй алдындагы митингде дачасулуктар жабырлануучуларга берилген компенсациялар мамлекеттин эсебине түшүп, бир тыйыны да элге берилбегенин айтышкан.
«Ачык эле айтайын, буга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Жер жок болгондуктан, аларды көчүрө албайбыз. Биз курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга материалдык гана жардам бере алабыз», - деди ал.
Өкмөт башчынын бул айтканы, тирүү адамдарга берилчү жер жок да, кокус кырсык басса, берээрге акча дайын экенин билдиргениби? Бул, демек, мамлекет жарандарынын маселесине качан гана ордун толтура алгыс жоготуу болгондо гана көңүл бурат дегендикпи?
Кырсыкты алдын алып, андан кийин көп сандаган компенсациядан мурда да, адам өмүрүн сактап калу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну көздөбөй, оозун «куру чөп» менен аарчып, «жок» дегенден башканы айта албаган, «өкмөт аке» аман эле болсун.