Сузак районундагы мектептердин мыкты окуучуларынын арасында “Жылдын мыкты окуучусу – 2017” кароо-сынагы өткөрүлүп, калыстардын купулуна толгон эки окуучу жеңүүчү деп табылышты. Бул тууралуу аталган кароо-сынакты уюштурган райондук балдарга билим берүү борборунун директору Гулмира Аким кызы билдирди.

 

Анын айтымында, бул иш-чара келечек муундардын билимин өркүндөтүү, аларды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо, окуучулар арасында өз ара достукту, ынтымакты бекемдөө жана келечекке умтулууга уйрөтүү максатын көздөдү.

- Бул кароо-сынакка райондогу мектептердин 9-10-11-класстарынын мыкты окуучулары катышышты. Анда окуучулар “Саламдашуу”, “Өзүн тааныштыруу”, өз өнөрлөрүн тартуулоо боюнча талаптарды аткарышты. Андан сырткары, предметтик сабактар боюнча жана логикалык суроолорго жооп беришти. Ошондой эле окуучулардын жараткан ийгиликтери, алган сыйлыктары эсепке алынып, кийген формасы жана көтөргөң сумкасы, күндөлүгүндөгү алган баалары, дептерлеринин жана китептеринин тазалыгы да эске алынды,- дейт ал.

 

Кароо-сынактын жыйынтыгында ар тараптуу билим деңгээли жогору жана өз өнөрлөрү менен айырмаланган окуучуларга Сузак райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми Сузак районунун мыкты окуучулары болуп “Дома-Ата” жалпы билим берүүчү орто мектебинин 11-классынын окуучусу Ахмедова Севара жана “Комсомол” орто мектебинин 10-класста окуган окуучусу Абдразакова Айназик табылды.

 

Эскерте кетсек, буга чейин Сузак районундагы мектептерде жана айыл өкмөттөр арасында ушундай эле кароо-мынактар өткөрүлүп, райондук турда 16 окуучу күч сынашты. Ал эми Сузак районунда жалпысынан 108 мектеп, 37 бала бакчалар иштейт.