Ыйман, адеп, жана маданият жылына карата Жалал-Абад маданият техникумунун студент кыздарынын арасында “Техникум сулуусу” конкурсу өтүп, анда ар тараптуу таланты менен айырмаланып алдыга чыккан 1-курстун студенти техникумдун сулуусу аталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын “Социалдык маданий ишмердүүлүктү уюштуруу” бөлүмүнүн башчысы Бегалы Абдрахманов билдирди.

 

Анын айтымында, маданият техникумуна ар тараптуу, көп кырдуу таланттуу жаштар келишет. Алар бул жерде бир гана музыкалык жактан билим алуу менен чектелбестен, окуудан сырткары түрдүү маданий иш-чараларды уюштуруп, практикалык жактан да өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келишет. Мындай таланттуу балдардын аракеттери менен алдыга умтуулусун мугалимдер жамааты жакындан жардам берип, колдоп турат.

 

- Бул сынакка техникмудагы 2 бөлүмдөн жалпы 6 кыз катышты. Өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, аткаруучулук чеберчилиги, улуттук бийлери, маданият багытындагы жана кызыктуу ой-жүгүртүүнү талап кылган логикалык суроолорго өздөрүнүн дараметине жараша жоопторду берүүсү менен калыстар тобу тарабынан бааланышты. Жыйынтыгында “Китепкана, иш жүргүзүү” бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Гулина Алибаева техникумдун сулуусу аталды. Окуу жайдын администрациясы тарабынан алдыңкы орундарга жетишкен студент кыздарга сыйлыктар тапшырылды, - дейт ал.

 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад маданият техникумунда буга чейин “Мырза жигит” кароо-сынагы өткөрүлгөн. Ал эми жакында аталган окуу жайда студент кыз-жигиттердин арасында “Сармерден” маданий иш-чарасынын өткөрүлүүсү пландаштырылууда.