Россиянын Хабаровск шаарында кыргызстандык жол-кайгуул кызматкерине пара берүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

 

Маалыматка караганда, Хабаровск шаарынын Индустриальный райондук соту кыргызстандыкка  10 миң рубль айыппул  салды.

 

2016-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын жараны масс абалында автоунаа айдап баратканда, жол кайгуул кызматкери тарабынан токтотулган.

 

Кыргызстандык административдик жоопкерчиликке тартылуудан качып, полиция кызматкерине пара сунуштап, айдоочу менен жүргүнчү отура турган орундуктардын ортосуна 2 миң рубль койгон. Бирок, полиция кызматкери аны алуудан баш тартып, бул тууралуу жетекчилигине билдирген.