Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Өзгөн районундагы жолду бекитип калган жер көчкү улам жылууда.

 

Кечээ, 16-апрелде жер көчкү Куршаб-Жалпак-Таш жолунун 50 чакырымын басып калган. Анын кесепетинен жол кыймылы токтогон.

 

15-апрелде Жалпакташ айыл өкмөтүндөгү Кысык-Алма айылында 900 метр куб көлөмүндөгү жер көчкү жүргөн жана капчыгайдын тереңине жеткен.

 

16-апрелде жер көчкү беш үйдү басып, курулуп аткан үйгө 10 метр жетпей токтогон.

 

Жер көчкүдөн жабыркаган тургундарга чатырлар тигилди. Жер көчкү каптоо коркунучуна кептелген дагы алты үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүндө жашашууда.