Мыйзам долбоорун бир катар депутаттар демилгелешти.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, «Автоунаа жолдору тууралуу» мыйзамынын негизинде, унаа жолдорун куру, оңдоо иштери тапшырык берген жана тапшырык алган тараптардын келишими менен ишке ашат. Келишимге ылайык, унаа жолдору сапаттуу курулуп, белгиленген мөөнөттө ишке берилиши шарт.  Кепилдик мөөнөт тапшырык берген тарапка даяр болгон унаа жолдорун өткөрүп берген убактан тартып эки жылга чейин созулат. Ал эми жолдорду оңдоо иштеринин кепилдик мөөнөтү бир жылды түзөт.

 

«Бирок, бүгүнкү күндө  Кыргызстандагы жолдордун жараксыз абалга тез кептелип атканы белгилүү. Бул көпчүлүк унаа жолдорун куруучу тараптардын жолдорду курууу,  же  оңдоо иштерине кайдыгер караганынын кесепети. Практика көрсөткөндөй, жаңы курулуп, же кайрадан оңдоо иштеринен өткөрүлгөн унаа жолдору ашып кетсе эки- үч жылга чыдап атат. Айрым унаа жолдору курулгандан бир жыл өтпөй, жараксыз абалга кептелет», - деп белгилешет демилгечилер.

 Ошондуктан, мыйзам долбоорунун авторлору жаңы автоунаа жолдорунун кепилдик мөөнөтүн узартууну сунушташат. Айтымдарында, кепилдик мөөнөттү беш жылдан ашык убакытка белгилөө туура.

 

«Мындай чек куру иштерин колго алган тараптын өз ишине жоопкерчилигин күчөтөт», - дейт демилгечилер.