Тосно ооруканасында кечээ М-11 трассасынын курулушчулары менен 14-апрелде жол кырсыгына кабылган жабырлануучу каза тапты. Оор жараат алган 50 жаштагы кыргызстандыкты куткаруу дарыгерлердин колунан келбеди.

 

Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

 

Эске салсак, 14-апрелде эртең  менен «Павлово – Мга – Любань – Оредеж – Луга» жолунун 83-чакырымында, Ленинград облусуна караштуу Тосно районунда М-11 трассасынын курулушчулары бараткан кичиавтобус кум ташыган КАМАЗ менен кагылышкан. Жол кырсыгынан 18 адам жабыркаган. Трассанын курулуш иштери менен Италия-Түркия «Асталди Ичташ» консорциум алектенген. Автобуста Украинанын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары бар болгон.

 

«Асталди Ичташ» компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кичиавтобус алардын жумушчуларын жумуш орунуна ташуу милдетин аткарган. Анын айдоочусу айдоочулук укукту Орто Азияда алган жана мындай категориядагы унааны башкарууга укугу болбогон.

 

Аталган компания жумушчусунун каза тапканын укканын, бирок, маалыматты текшере электигин билдирген. Каза тапкан жарандын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүү каралууда.