Эртең, 18-апрелде, саат 11де 1937-жылдагы репрессияга 80 жыл болушуна карата андагы курмандыктар эскерилет.

 

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, иш чара Чүй облусундагы Аламүдүн районунда болот.

 

Жөө жүрүш Таш-Дөбө айылынан башталып,  1937-жылы репрессияга туш болгон 19 улуттагы 137 кыргызстандыктын сөөгү жашырылган «Ата Бейит» мемориалдык комплекске жетет. Курмандыктардын арасында Кыргыз ССРинин элдик комиссарлар Кеңешинин биринчи катчысы Юсуп Абдрахманов, эл агартуучусу Касым Тыныстанов жана атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов ж.б.лар бар.

 

Аталган министрликтен билдиришкендей, иш чара Адептүүлүк, тарбия жана маданият жылынын алкагында өткөрүлөт.