Бул тууралуу «Азаттык» радиосунан кабарлашты.
Свердлов облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, кемпир полиция бөлүмүнө суракка алууга жеткиришкенде, өзүн начар сезген. Бөлүмдөн дароо ооруканага алып жөнөшкөн, анда эки күн жатып, каза тапкан.
Прокуратура иликтөө иштерин баштады.
Ушул сыяктуу пенсия курагындагы карыялардын дүкөндөн тамак- аш уурдаган фактылары бир нече жолу катталган:
Анын бири 2015- жылдын апрелинде Санкт-Петербург шаарында болгон. Анда 81 жаштагы кемпир дүкөндөн жалпы баасы 300 сом болгон 3 таңгак май уурдагандыгы үчүн кармалып, полиция бөлүмүндө көз жумган.
2017-жылдын февраль айында Иванов облусунда 70 жаштагы кемпир тамак-аш уурдагандыктан бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.
Россияда расмий маалыматтарга караганда, жокчулуктун терең катмарында 22 миллион жарандар жашайт. 40%дан көбүрөөк россиялыктардын тапкан акчасы тамак-ашка, кийим-кечекке жетпейт, дагы 11%дын азык-түлүк алууга каражаты жок.