Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир нече облустарда жана шаарларда селге каршы чараларды көрүүдө.


Костанай облусунун Карасуу районунда 4 калктуу конушту суу каптады. 100дөй адамдын көчүрүлгөнү кабарланууда.

 

Илек дарыясында суунун дэңгээлинин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Актөбө шаарында бир нече дачалар жана короо-жайлар суу алдында калды. 300дөй киши көчүрүлдү. Эки орто мектептин базасында 53 адам жашоодо, 240тайы туугандарыныкына көчүп барышты.

 

Акмоло облусунун Атбасар шаарында буга чейин 150 киши эвакуацияланган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Астананын бир нече көчөлөрү суу каптоо коркунучу алдында турат. Жергиликтүү бийлик коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөө тартибине өткөнүн билдирүүдө.

 

Суу ташкындарына байланыштуу Караганда облусунда дээрлик 1,5 миң киши көчүрүлдү.