«Республика-Ата Журт» фракциясы Каракол шаарында жыйын өткөрдү, анда Ысык-Көл облусундагы курулуштар жана жолдорду оңдоо иштери боюнча маселе каралды.
Жыйын жүрүшүндө белгилүү болгондой, Балыкчы-Корумду унаа жолун толук колдон чыгарууга 5,3 миллиард сом керектелет. Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин айтымында, өкмөт бул ишке 1 миллиард сом которууга макул болгон.
Лидер Бабанов каржы булагы аныкталбай туруп кантип тендер өткөрүлгөнүнө таңданды.
«Акча жок туруп тендерди кантип өткөрдүңөр? Эгер акча болбосо, эгер аны Каржы министрлиги бөлбөсө, тендерди өткөрүү керек беле? Менимче, бул маселени палатанын кароосуна алып чыгып, бир гана мурунку премьер-министрдин эмес, ошол убактагы башка чиновниктердин да жоопкерчилигин кароо керек. Бул тендерди өткөрүүгө катышкандардын баарынын жоопкерчилиги каралсын. Мурда бир топ түзүгүрөөк жол бар болчу, азыр кандай кейипке келгенин карагыла. Былтыр да Көчмөндөр оюну менен көңүлдү жолдон буруп кетти)ер, быйыл эмне менен алаксытасы)ар?» - деди Бабанов.