13-апрелде «Акжол-автоунаа» көзөмөл- өткөрүү пунктунан мамлекеттик чегара эрежесин бузган Тажикстанды жараы кармалган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.

 

 Паспорт көзмөлөнүн жүрүшүндө кармалга аял мамлекеттик чегараы өткөрүү пункту аркылуу кесип өтпөгөнү белгилүү болгон. Кармалуучуну айтымында, Кыргызстандын аймагына такси менен келгендиктен, айдоочу чегараны Гүлистан (Тажикстан) жана Арка (Баткен облусу) шаарчаларынын ортосундагы жол менен өткөн. Аял Россияга иштеп келүүгө бараткан.

 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял аймактык УКМКга өткөрүлүп берилди.