Жалал-Абад облусунда 3-апрелде дайынсыз жоголуп, издөөгө түшкөн мектеп окуучусу Бишкектен табылды.
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-апрелде 9-класстын оккуучусу А. Таалайбекова мектепке кеткен боюнча үйүнө кайтып барбаган.
Кыздын жакындары ички иштер кызматына кайрылып, кызды издөөгө жардам сурашкан. Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, жоголгон кыз бир жумадай убакыттан кийин Бишкектен табылган. Аны борбор калаадагы туугандарыныкына жеткиришкен, бирок кайра качып кеткен. Кызды издөө кара жанданып, эрезеге жете элек А. Таалайбекованы табышып, Аксыдагы үйүнө жеткирүүнү укук коргоо кызматы колго алды.
Эрезеге жетелектердин инспекциясы кыздын үйүнөн качуусуна эмне себеп болгонун иликтейт.