Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда жүз жылга чукул жашаган Шарапат Мамаюсупова ушул күнгө чейин пенсия алган эмес. Анткени тийиштүү документтери толук болбой келген. Көзү азиз эненин үч кызы бар. Ушул күнгө чейин Мамаюсупованын документтерин бүткөрүп, паспорт алып берүүгө кызыктар адам болгон эмес. Бирок ал майыптыгы үчүн жаштайынан мамлекеттен жөлөк пул алып келген. Ал да 2016-жылы паспортунун жоктугунан улам токтотулуп калган. Өзүнүн айтымына караганда быйыл 103 жашка кирген. Ал Сузактын Бекабад айылында төрөлүп, бирок туулгандыгы боюнча күбөлүк алган эмес. Буга чейин ага документ алып берүүгө кыздары да аракет жасабаптыр. 2015-жылы небереси паспортко чуркай баштаган. Бирок тийиштүү тараптардан алгылыктуу жооп болгон эмес. “Паспорт алып берем”- дегендерге 3-5 миң сом берип, акчадан же документтен жок калган. Паспорт алуу иштеринен кыйналып кеткен соң, аракет кылбай да коюшкан. Ал эми буга жооптуу паспорт столдогулар өздүгүн тастыктаган документти туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо анан беребиз дешет. Кыскасы, бир кылымдан ашык жашаган апа тиешелүү органдардын кайдыгерлиги жана коррупциялашкандыгынан улам паспорт жана пенсия ала албай келүүдө. Бул көрүнүшкө биздин “жакшылар” эмне деп беришер экен?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.