Сыягы, эгемендүүлүккө жеткенден бери сырттан алган 4,2 млрд. доллар карызыбыздын жарымынан көбү жолдорго жумшалса керек. Бирок, долларга төшөлгөн жолдорубуз оңолбой эле, жылдан жылга, күндөн күнгө бомба түшкөндөй бузулуп жаткандыгы кашкайган чындык. Анткени биздин чиновниктер үчүн жол куруу – акча жасоо, коррупция деген түшүнүк менен алмашып калган. Жакында мына ошондой фактылардын бири Чүй облусунда видео аркылуу жалпы коомчулукка тарап кетти. Анда жолчулар нөшөрлөп жаан жаап тургандыгына карабай, көлчүк болгон чуңкурга битум куюп жатышкан. Көрсө, ал жерге ошол учурда жолчунун айтуусунда, премьер-министр С.Жээнбеков бармак экен. Дүйшөмбүдө өкмөт башчы ушул Сокулук районундагы автожолдорду талаптагыдай оңдоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрүп, Кечээки видеотасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат”,- деди. Ал эми транспорт жана жолдор министри Ж.Калилов автожолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо иштеринде министрликтин алдындагы №1 жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы А.Молдоболотов жана дагы төрт жооптуу адам кызматынан бошотулгандыгын билдирип, кутулду.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.