Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков менен Зиядин Жамалдинов ветеринарияны жеке колго тапшыруу туура эмес дешет.
Пленардык жыйында Ветеринария боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.
Депутат Анвар Артыков: «Биз мамлекеттик укукту толугу менен жеке менчикке бере турган болуп атабыз. Анда эртең Айыл чарба министрлигин да, башка мекемелерди да жеке менчикке берип салалы? »- деп аталган мыйзам долбооруна каршы экенин белгиледи.
Депутат Зиядин Жамалдинов да ушундай пикирди карманды.
Депутат Рада Түмөнбаеванын айтымында, бардык укук Ветеринардык палатага өтөт, бирок ал эч кандай жоопкерчиликке ээ эмес. Ошондуктан, депутат мыйзамдолбоорду экинчи окууга кайтарууну сунуштады.
«Аймактарда жеке менчик ветеринария дагы деле малга профилактикалык вакцина сая эле», - деди ал.
Ветеринария жана фитосанитариялык коопуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын өклү мамлекет баарын көзөмөлгө алаарын, андай укукту эч ким тартып албаганын билдирди. Айтымында, Кыргызстанда эки миңден ашуун жеке ветеринариялар бар, алар жыл сайын 40 миңге жакын профилактикалык вакциналарды малга сайышат.