Аймактык полиция изделип жаткан 23 жаштан 33 жашка чейинки адамдардын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн таратты. Алардын арасында топтун башчылары катары 24 жаштагы Даулетхан Амиржанов менен 23 жаштагы Дмитрий Коструб көрсөтүлгөн.
Полициянын маалыматы боюнча изделип жаткандардын бардыгы тең кайсыл бир убактарда Темиртау шаарынын аймагында жашаган.
Шектүүлөргө карата «Террордук топ түзүү, аны жетектөө» жана «Террордук топтун катарына азгыруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда алардын иши Темиртау шаарынын полиция бөлүмүнүн өндүрүшүндө.