Мурдараак жергиликтүү полициянын башчысы Дэн Элиассон Акиловдун моюнуна алуусунан тышкары укук коргоо органдарында ага карата дагы башка далилдердин бар экенин билдирген.

 

Сот Акиловду камакка алуу чечимин чыгарды. Анын кылмышты моюнуна алганына карабастан теракт боюнча тергөө иштери уланууда. Акиловдун соту болжол менен бир жылга созула турган бардык тергөө иштери аяктагандан кийин гана болот.

 

Өзбекстандын жараны 7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, анан соода борбордун имаратын сүздүргөндө машине өрттөнүп кеткен. Кол салуудан төрт адам өлгөн. Жараат алган 15 кишинин ону ооруканада.

 

Полиция ошол эле күнү Швецияда курулушта иштеген 39 жаштагы Акиловду кармаган. Бир канча убакыт мурда ал өлкөдө туруктуу жашап туруу макамын сурап бийликке кайрылган, бирок анын бул өтүнүчү канааттандырылган эмес. Мындан соң депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган.